Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Лондон Олимпиадасы аяктоодо


Эл аралык Олимпия комитетинин төрагасы Жак Рогге жекшембидеги басма сөз жыйында Лондон Олимпиаданы жаңыртканын, мелдештер керемет өткөндүгүн белгиледи:

- Лондон спортчулардын мелдешин убада кылган. Биз дал ушуну алдык. Эң мыкты айыл (Олимпиада), заманбап жайлар, 44 дүйнөлүк рекорд, 117 олимпиадалык рекорд. Мен тарых көптөгөн спортчулар тарабынан кайра жазылды деп айтар элем.

Эл аралык Олимпия комитетинин төрагасы бул Олимпиаданын жылдыздары катары ямайкалык жөө күлүк Усейн Болтту, америкалык сууга сүзгүч Майкл Фелпсти, британиялык велоспортчу Крис Хойду атады.

Лондон Олимпиадасынын жабылыш салтанаты Бишкек убактысы боюнча түнкү саат бир жарымдарда башталат.

Алынган медалдардын сан жагынан көч башында мурдагыдай эле АКШ бара жатат. АКШнын жапысынан 103 медалы бар. Экинчи орунду 87 медаль менен Кытай, үчүнчүнү 63 медалы бар Улуу Британия ээлөөдө.

81 медаль менен Орусия төртүнчү орунда. Анткени Орусияда болгону 23 гана алтын медал бар.

Жети алтын, бир күмүш, беш коло медал алууга жетишкен Казакстан 12-орунга илинди. (UE)

XS
SM
MD
LG