Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:46

Кадамжайда бензин ташыган айдоочулар менен тургундар чатакташты


Кечээ Кадамжайдын Пүлгөн айылында оор жүк ташыган 28 унаанын айдоочулары менен жергиликтүү тургундардын ортосунда карама-каршылык чыкты. Бул тууралуу Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин милдетин аткаруучу Камал Раимжанов “Азаттыкка” билдирди:

- Токтомдо 36 тоннадан ашпаш керек деп жазылган. Булардын машинасынын салмагы ташыган бензини менен 40 тоннадан ашып кетип жатат. Анан айдоочулар бензин ташыгандарды гана тосуп жатасыңар деп бизге сын айтышты. Биз аларга түшүндүрүп, токтомго ылайык, силерди кармап жатабыз дедик. Алар маселени чечип бергиле деп жатышат.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери өкмөттүн оор жүк ташыган автоунааларга чектөө киргизген токтомун аткаруу үчүн 7-августтан бери Бишкектен Лейлекке бараткан 28 күйүүчү май ташыган унааны токтоткон. Алар айылда турак-жайлардын жанында токтотулгандыктан жергиликтүү тургундар өз коопсуздугун ойлоп, айдоочулардын чыгып кетишин талап кылган. Өз кезегинде айдоочулар Лейлекке өтүүгө уруксат берүү талабын билдиришкен.

Оор жүк ташыган унааларга чектөө киргизген токтом ушул жылдын май айында чыккан. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG