Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:11

Сотто Мурат Суталиновдун баш коргоо чарасы каралат


7-апрель боюнча бүгүнкү соттук жараянда айыпталуучу, атайын кызматтын мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновдун баш коргоо чарасын өзгөртүү маселеси каралат. Бул тууралуу жабырлануучулардын укугун коргогон “Мекен шейиттери” бирикмесинин башчысы Осунбек Жамансариев “Азаттыкка” кабарлады. Маалыматка ылайык, адвокаттар Суталиновду үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен сотко өткөн аптада кайрылышкан.

Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагына камакка алынган Мурат Суталинов апрель айында Бишкектеги онкологиялык ооруканага жаткырылган болчу. Суталинов баштаган мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушундагы жыйырмадай аткаминер 2010-жылдын 7-апрелиндеги кандуу окуялар боюнча айыпталууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG