Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:19

Казан фестивалына Кыргызстандан 9 тасма катышат


Мусулман кинолорунун эл аралык Казан фестивалына кыргызстандык режиссерлордун тогуз тасмасы катышат.

5-сентябрдан 11-сентябрга чейин созула турган фестивалга Мирбек Кадыралиевдин “Снуз”, Асел Жураеванын “Бакыттын бешиги” жана “Меккеге карай жол” тасмалары, Эрнест Абдыжапаровдун “Күкүк Шахра”, Чыңгыз Нарыновдун “Куурчактын төрөлүшү”, Темир Бирназаровдун “Ай келин”, Айгүл Баканованын “Жамгырдын ыры” тасмасы жана “Кыргызстан, мен сени сүйөм” деген альманах-тасма көрсөтүлөт. Мындан тышкары Эркин Салиевдин “Назик ханыша” фильминин бет ачаары болот.

Киносынчы Гүлбара Төлөмүшованын “Азаттыкка” кабарлашынча, тасмалардын экөө атайын конкурстук программанын, алтоо “Кыргызстанда жасалган” деген атайын программанын алкагында көрсөтүлөт. (KKs)

XS
SM
MD
LG