Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:06

Түркиянын түштүк чыгышында парламенттин депутаты уурдалды


Республикалык элдик партиянын өкүлү Хусейн Айгүндү куралданган топ Оваджи жана Тунчели шаарларынын ортосундагы кара жолдо токтоткон. Согушкер-жикчилдер уурдады делген күрд улутундагы парламент депутатын издөөнү атайын күчтөр жургүзүүдө.

Бул окуяга чейин Түркиянын күрд улутундагылар отурукташкан тарабында 3 аскер кызматкери уурдалган эле.

Соңку апталарда бул аймактарда аскердик күчтөр Күрд жумушчу партиясынын жоочуларына каршы атайын операцияларды активдештире баштаган. Аскердик жетекчилик 115тей экстремист-жикчилдер жок кылынганын маалымдайт.

XS
SM
MD
LG