Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Иранда 2 күндүк аза күтүү жарыяланды


13-14-августта иран эли ишембиде өлкөнүн түндүк батышында болгон зилзаланын курмандыктарын эскерет. Ирандын ички иштер министри Мохаммед Найжар жер титирөөдө 227 киши өлүп, 1380 адам жараат алганын билдирди. Жергиликтүү бийликтер менен куткаруучулар 3 жүздөй киши өлгөнүн, 5 миңден ашуун адам жарадар болгонун билдирет.

Иран бийлиги учурда куткаруу иштери жүрүп, жабыркагандарды кан жана тамак-аш менен камсыздоо журүп жатканын маалымдайт. Ички иштер министрлиги жаратылыш кырсыгы болгон аймакта 6 жүздөн ашуун кыштак жабыркаганын билдирет.

Ирандын Кызыл жарым ай коому үй-жайсыз калган 16 миңдей кишиге 6 миңге чукул чатырларды таратканын билдирет.

France-Presse агенттиги Тегеран өз күчүнө ишенип, башка өлкөлөрдүн жардамынан баш тартканын кабарлайт.

Зилзаланын күчү 6,4 балл болсо, 11 мүнөттөн кийин 6,3 баллдык силкинүү кайра кайталанган.

XS
SM
MD
LG