Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:34

Чоң-Алайда алтын кошулмаларын ташыган унаалар кармалды


Оштун Чоң-Алай районундагы Чак деген жерден алтын кошулмаларды ташып бараткан жүк ташуучу үч чоң унаа кармалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Дароот-Коргон айылынын тургуну Санабар Сайпидинова билдирди. Анын айтымында, окуя 11-августта түнкү саат экилерде болгон. Жергиликтүү тургундар шектүү тогуз унааны акмалап, алардын үчөөнү тутуп алган, калганы качып кеткен. Алтын кошулмаларды ташып бараткан унаалар кен чалгындап жүргөн кытайлык “Интерпрайз” компаниясына тиешелүү экени аныкталган. Учурда кармалган жүк ташуучу машинелер райондук милициянын короосуна киргизилип, жергиликтүү тургундардан түзүлгөн демилгелүү топ кылмыш иш козгоону талап кылууда.

Бул окуя боюнча жеригилктүү бийлик жана тартип коргоо органдары азырынча комментарий бере элек. (EBM)

XS
SM
MD
LG