Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:42

Бишкекте түрк тилдүү өлкө башчыларынын саммити өтөт


Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Бишкек саммитинде инвестиция маселелери каралаарын “Азаттыкка” экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев билдирди. Анын маалымдашынча, учурда инвестиция тартууга шарт түзүү боюнча сунуштар даярдалып жатат.

Бүгүн Азербайжандын Бакы шаарында түрк тилдүү өлкөлөрдүн экономика министрлеринин жыйыны өтүп жатат. Анда негизинен саммитке карата даярдык маселелери талкууланууда.

Саммит 23-августта Бишкекте өтөт. Былтыр октябрь айында алгачкы саммит Казакстандын Алматы шаарында болгон. Ага Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркия катышкан. (EBM)

XS
SM
MD
LG