Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:59

Тажикстанда Толиб Аембеков кармалды


Тажик бийлиги генерал Абулло Назаровду өлтүрдү деп шектелип жаткан талаа командири Толиб Аембеков жана анын бир нече тарапкерлери кармалганын расмий тастыкташты. Аембеков ушул тапта облустук ооруканада кайтарууда жатат. Кармалганга чейин Толиб Аембеков Тоолуу Бадахшан облустук телеканалында сөз сүйлөп, мамлекеттик кызматта туруп өкмөткө каршы чыкпаганын жана анын саясатын колдой тургандыгын билдирди. Ал бир туугандары менен бийликке багынып бергенин жана маселе акыйкат жол менен чечилерине үмүт артарын айтып, өзүнүн башка тарапкерлерин куралдарын өз каалоосу менен тапшырууга чакырды.

Тоолуу Бадахшан автономиялуу аймактагы атайын операция 21-июлда Коопсуздук комитетинин генералы Абдулло Назаров киши колдуу болгондон кийин башталган. Тажик бийлиги эгер согушчандар өз ыктыяры менен колго түшүп берсе, аларга мунапыс берилерин убада кылган.

XS
SM
MD
LG