Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

БУУнун гуманитардык операциялар боюнча мекемесинин башчысы Сирияга барат


БУУнун гуманитардык операциялар боюнча мекемесинин башчысы Валери Амос 14-16-августта Сирия менен Ливанга барат. Амос согуштун бутасында калган Сирияда гуманитардык кырдаал начарлап кеткендиктен ал жакка бара жаткандыгын билдирди. Валери Амос Сирия жетекчилигинин өкүлдөрү жана “Кызыл ай” коомунун өкүлдөрү менен жолугуп, аймакта гуманитардык жардамдын көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгү тууралуу сүйлөшөт. Бүгүн Сириядагы кырдаалды ислам өлкөлөрүнүн башчылары Меккеде болчу Ислам кызматташтыгы уюмунун кезексиз саммитинде да талкуулашат.

Ал эми БУУнун коопсуздук кеңеши Сирия проблемасын бейшемби күнү караганы жатат. Укук коргоо уюмдарынын билдиришинче, ушул тапта Сириянын Алеппо жана Дамаск шаарларында кагылышуулар уланып жатат.

XS
SM
MD
LG