Линктер

ишемби, 25-февраль, 2017 Бишкек убактысы 19:57

Каназаров: Бабанов аргымакты сатып алган


Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Султан Каназаров премьер-министр Өмүрбек Бабановго 1 миллион долларлык асыл тукум аргымакты "Манас" аба майданында аэронавигациялык мунара курууда тендерди утуш үчүн түрк компаниясы пара катары берген деген дооматын четке какты. Анын айтымында, Бабанов бул аргымакты өз акчасына сатып алган жана баасы 1 миллион доллардан алда канча арзан турат.

Каназаров аэронавигациялык мунара АКШ өкмөтүнүн каражатына куруларын жана тендердин жеңүүчүсүн Америка тарап аныктай турганын билдирди. Ошондой эле “Ата Мекендин” мунара тууралуу маалыматы өкмөттөгү өз өкүлдөрүнөн тактап маалымат ала турган мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады.

Буга чейин фракция лидеринин орун басары Эркин Алымбеков өкмөт башчыдан тендер маселесине кийлигишүүнү талап кылганын, бирок Бабановдон баш тарткан жооп алгандан кийин ушул маселе көтөрүлүп жатканын билдирген. Каназаров өкмөткө ишеним көрсөтпөө негизсиз деп эсептээрин да кошумчалады.

“Ата Мекен” фракциясы бүгүн кезексиз жыйынга чогулуп, өкмөткө ишеним көрсөтпөөнү талкуулады. Анда Бабанов баасы 1 миллион долларлык аргымакты пара катары алганы айтылып, муну териштирүүнү УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматына тапшырган. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG