Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:20

Канар аралдары: 5 миң киши үй-жайынан чыгып кетти


Алардын көпчүлүгү Гомер аралынын тургундары. Буга чейин өрттүн курчоосунда калган Валье-Гран-Рейн районунан миңге чукул киши чыгарылып, эки кеме менен аралдын эң ири шаары Сан-Себастьянга алып келинген. Өрт беш миң гектар айдоо аянтын жок кылды. Ошондой эле Гарахонай улуттук паркында өтө баалуу жаратылыш байлыктары күйүп кетти. Ушул тапта Тенериф аралында өрттү өчүрүү аракети жүрүп жатат. Өрттүн чыгышына быйылкы кыштын кургактыгы жана акыркы күндөрдөгү өтө ысык аба ырайы себеп болгону айтылууда. Ушул тапта Канар аралдарында абанын температурасы 40 градуста кармалып турат.

XS
SM
MD
LG