Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:34

Жарандык коом пенсияга чектөө киргизүүгө каршы


Кыргызстандагы отузга чукул коомдук уюмдар каржы министри Акылбек Жапаровдун иштеген пенсионерлердин пенсиясына чектөө киргизүү демилгесин айыптап чыгышты. Мындай кайрылуу президент Алмазбек Атамбаевдин атына жөнөтүлгөнүн “Интербилим” борбору билдирди. Жарандык коомдун өкүлдөрү ансыз деле көз жаздымда калган пенсионерлердин эсебинен бюджетти үнөмдөө натуура экенин айтышууда.

Каржы министри Акылбек Жапаров өкмөттүн өткөн аптадагы жыйынында иштеген пенсионерлердин пенсиясына чектөө киргизүүнү сунуштап, муну социалдык чыгымдарды азайтуу аракети менен түшүндүргөн.

Социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Гүлнара Асымбекова Кыргызстанда 30-40 миң сомго чейин пенсия алгандар бар экенин, өкмөт андай пенсионерлердин акчасын чектөөнү көздөрүн “Азаттыкка” билдирген. (KKs)

XS
SM
MD
LG