Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:56

Техаста октон 3 киши өлүп, дагы үчөө жарадар болду


Дүйшөмбүдө АКШнын Техас штатындагы A&M университетинин кампусуна ок чыгарган жарандын өзү, анын огунан жабыркаган полиция кызматкери менен жолдо өтүп бараткан адам набыт болду. Үч полиция кызматкери менен дагы бир аял жарадар.

Жергиликтүү полициянын маалыматында, бир жаран университеттин жанындагы үйүнөн кампусту көздөй ок ачкан. Ал полициялар кармап жатканда алган жаратынан ооруканада көз жумду.

Өткөн айда Колорадо штатынын Денвер шаарында кинтеатрга кирип келген киши көрүүчүлөргө ок ачып, анда 12 киши өлүп, 60тан ашуун жарадар болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG