Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:38

Бабанов өзүнө коюлган дооматтар боюнча билдирүү жасайт


Премьер-министр Өмүрбек Бабанов өзүнө коюлуп жаткан дооматтар боюнча бүгүн түштөн кийин өкмөт жыйынында расмий билдирүү жасайт. Бул тууралуу өкмөт башчы бүгүн унаа каражаттарын каттоо департаментине барганда журналисттерге билдирди.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясы кечээ кезексиз жыйынга чогулуп өкмөткө ишеним көрсөтпөөнү талкуулаган. Анда Бабанов баасы 1 миллион долларлык аргымакты пара катары алганы айтылып, муну териштирүүнү УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматына тапшырган.

Өкмөттү кетирүүнү “Ар-намыс” фракциясы да колдоду. Социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши да кечээки жыйында өкмөттү кетирүү чечимин кабыл алды. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG