Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:42

Амос Сирияга барды


БУУнун гуманитардык иштер боюнча жетекчиси Валери Амос Сирия өкмөтүнүн жана Кызыл Чырым уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуу үчүн Сирияга барды. Амос соңку кезде согуштук аймактарга гуманитардык жардам жеткирүү татаалдап, үй-жайын таштап качкан же үйлөрүнөн чыга албай калган жай тургундар жардамга муктаж экендигин белгилеп келет. Эксперттердин айтымында, президент Башар Асад менен оппозициянын ортосундагы жаңжалдан 2 млн. сириялык жабыр тарткан, ал эми журт которгондордун саны 1 миллиондон ашат.

Бүгүн Сирия президентинин чабарманы Бутайна Шаабан Бээжинге барып, Кытайдын тышкы иштер министри Ян Цзечи менен жаңжалды токтотуунун жолдорун талкуулашты. Сауд Арабияда болсо Ислам кызматташтык уюмунун Сирияны мүчөлүктөн чыгаруу маселесин караган эки күндүк саммит башталды.

XS
SM
MD
LG