Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:35

Кочкор-Атадагы карылар үйү кайра талашка түштү


1998-жылы үч тараптуу келишимге ылайык, карылар үйүнө берилген имаратты Кочкор-Ата шаардык мэриясы үчүнчү ирет талашып жаткандыгын анын деректири Жусупжан Ажыбаев билдирди. Анын айтымында, шаарда балдар
бакчалары үчүн кароосуз калган жайлар жетиштүү. Карылар үйүндө шаардагы "Кыргызнефтегаз" ишканасында иштеп жүрүп, карыганда кароосуз калган бир нече адам жашайт жана шаардагы багар-көрөрү жок жалгыз бой 27 карыя күндө бир жолу түштөнүп кетет. Пансиондун имараты ага
жайгашкан мекеме-уюмдардан түшкөн ижара акыларга оңдолгондон кийин шаардын ар бир жаңы башчысы аны тартып алууга аракет кылат, - деген Жусупжан Ажибаев Ноокен райондук прокуратурасына кайрылды.

Шаар мэри Кубаныч Эгембердиев карылар үйү мэрияга тийиштүү экендигин жана имарат балдар бакчасына зарылдыгын билдирди(YA)

XS
SM
MD
LG