Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:46

Малайзияда интернеттеги чектөөгө каршы акция жүрүүдө


Жарандык активисттер жана блоггерлер сөз эркиндигин чектейт деген сын менен интернетти көзөмөлдөө боюнча мыйзам долбооруна каршылык билдирип, интернет аркылуу бойкот жарыялап жатышат. Жаңы мыйзам долбоорунда малайзиялыктар компьютеринде, чөнтөк телефонунда же компьютер желесиндеги материалдар үчүн жооптуу болоору жазылган. Жарандык активисттер бийлик бул мыйзам аркылуу алдыдагы шайлоодо интернеттеги катуу сындарды көзөмөлдөөнү көздөп жаткандыгын айтышууда. Азыр блоггерлер жана активисттер мыйзамга каршылык билдирчү кара фонду интернеттеги өздүк баракчаларына жайгаштырып алышкан.

XS
SM
MD
LG