Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:33

Прокуратура: Алибаевдин кылмыш ишин тергөө уланууда


Башкы прокуратура ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Тилек Алибаевге каршы козголгон кылмыш ишти тергөө уланып жатканын билдирди. ИИМдин тергөөнүн жүрүшүндө Алибаевдин күнөөсү такталган жок деген маалыматтын сотто далилдене электигин айтып четке какты.

Прокуратурадан маалымдалгандай, тергөө тобу Алибаевди кызматынын убактылуу бошотуп туруу боюнча токтом чыгарган. Айыпталуучун адвокаты сотко доо арыз менен кайрылып, токтом жокко чыгарылган.

Бишкек шаардык соту 20-июлда Алибаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган. Анын орун басары Базарбек Абдраимов менен башкармалыктыктын оперативдүү кызматкери Марс Зейналов учурда камакта.

Алибаев менен анын орун басары Абдраимов ири өлчөмдө маңзат ташып сатууга тиешеси бар жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деп шектелип, Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган болчу.

Өткөн жуманын аягында Алибаев кайра кызматына келген. (EBM)

XS
SM
MD
LG