Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:25

Кара-Балтада кендердин сатылышына каршы жыйын болот


Кара-Балта шаарынын айрым тургундары аймакта мунай иштетүүчү заводдун курулушуна жана аймактардагы ондон ашык кендин аукционго коюлушуна каршы жыйын өткөрүшөт. Бул тууралуу “Асаба” партиясынын лидери Салмоорбек Дыйканов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, жергиликтүү тургундар “Кумтөрдүн” маселеси чечилмейинче, башка кендерди сатпоо керектигин, мунай иштетүүчү завод болсо аймактын экологиясына терс таасир тийгизерин билдиришүүдө.

Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик августтун соңунда Кыргызстандагы 12 алтын, көмүр кени ачык аукционго коюларын кабарлаган. 7-августта өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов кытайлык компания куруп жаткан Кара-Балтадагы заводго барып, ишкананын экологияга таасирин иликтөө боюнча тиешелүү органдарга тапшырма бергенин билдирген. (KKs)

XS
SM
MD
LG