Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Йемендин баш калаасында армия менен республикалык гвардия кагылышты


Шейшембидеги Сана шаарындагы кагылышта бери дегенде 3 киши өлгөнү айтылууда. Бир нече ай мурун бийликтен кеткен Йемендин экс-президенти Али Абдалла Салехтин уулуна баш ийген гвардия Коргоо министрлигин курчап алган. Андан соң армиянын күчтөрү аларды сүрүп чыккан.

Мындай кадамдарга учурдагы президент Мансур ал-Хадинин өлкөдөгү таасирдүү командирлердин тирешүүсүн жоюу үчүн коопсуздук күчтөрүн кайра түзүү тууралуу чечими түрткү болгон.

Йемендеги кырдаалды өлкөнүн түндүгүндөгү «ал-Каида» уюмунун согушкерлери дагы курчутууда.

XS
SM
MD
LG