Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:36

Айсулуу Тыныбекова боюнча сот жылды


Бүгүн Бишкектеги Биринчи май рйондук соту Айсулуу Тыныбекованын ишин териштирүүнү 20-августка жылдырды. Буга жабырлануучу тараптын балбан кызды Олимп оюндарына катышууга уруксат берген сот чечими тууралуу доо арызы териштирилип жатканы себеп болду.

Сот 20-июлда Тыныбекованын баш коргоо чарасын өзгөртүп, жактоочуларынын Лондондо Олимп оюндарына катышып келсин деген өтүнүчүн канааттандырган эле.

Тыныбековага бейбаштык кылды деп кылмыш иши козголгон. Эркин күрөш боюнча спорт чеберин Нуриля Кочкорбаева аттуу жаран 17 жаштагы кызын сабап, натыйжада анын мурду сынып, мээси чайкалды деп сотко кайрылган. Окуя ушул жылдын апрель айында болгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG