Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:51

Кочкор: Молдо Кылыч айылында окуучулар кайда окууру белгисиз


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кочкор районундагы Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек Жусупбеков билдирди. Анын айтымында, 2010-жылы мартта жер титирөөдөн толук кыйрап калган мектептин ордуна жаңысы курулуп, дээрлик 90 пайыз бүткөн. Аягына чыгаруу үчүн дагы 7,5 миллион сом керек. Бирок быйыл акча бөлүнбөй, курулуш токтоп турат.

Молдо Кылычта 200дөн ашуун окуучу бар. Буга чейин алар чатырда, андан кийин эски сарайда окуган.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, жыл башында Каржы министрлигине куруу керек деген 175 мектептин тизмеси жөнөтүлгөн. Мурдагы жылы жана былтыр 46 мектепти куруу иштери башталган. Алардын теңине жакыны 80-90 пайыз курулуп бүткөн. Аягына чыгаруу үчүн 107 миллион сом зарыл. Бирок акча толук берилбей жатат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG