Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Москвада Pussy Riot тобун колдогон акция өтүүдө


Москвадагы Иса куткаруучу чиркөөсүнүн жанында Pussy Riot тобунун кыздарын колдогон 20 чакты активист “Соопчулук кылсаң сообун көрөсүң” деген жазуусу бар плакаттарды кармап чыгышты. Акцияга чыккандар менен чиркөөнүн кароолчулары ортосунда мушташ чыгып, полиция тарабынан кармалгандар да болду. Москванын Хамовнич соту Pussy Riot рок тобунун мүчөлөрүнө 17-августта өкүмүн угузмай болду. Мария Алехина, Надежда Толоконникова жана Екатерина Самуцевич ушул жылдын февраль айында Христос куткаруучунун ибадатканасында президент Владимир Путиндин бийликте кала беришине каршы ырдап чыккандан кийин камакка алынган эле. Топтун кыздарын Amnesty International сыяктуу укук коргоо уюмдары жана дүйнөдөгү атактуу рок ырчылары, поп жылдыздар колдоп, президент Путинге кайрылуу жолдошкон.

XS
SM
MD
LG