Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:53

ИИМ: Түлеев мэр кезинде жер тилкелерди мыйзамсыз берген


Ички иштер министрлиги Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэри болуп турганда жер тилкелерин мыйзамсыз бергени аныкталганын билдирди. ИИМдин Уюшма кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөш башкы башкармалыгынын жетекчиси Калыбек Сатыбалдиев Түлеевдин тууганы анда жалпы баасы кеминде 500 миң доллар болгон төрт жер тилке алганын “Азаттыкка” маалымдады. Учурда тергеп-иликтөө уланууда.

Бүгүн Жогорку Сот Түлеевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү жабык карап, үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды.

Бишкек шаарынын мурунку мэри, азыр “Ата-Журт” партиясынан депутат Түлеевди 21-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет камакка алган. Ал мэр кезинде Кытайдан автобустарды алып келүү учурунда ири көлөмдөгү зыян келтирген деп айыпталып жатат. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG