Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

Сирия бийлиги: оппозицияны куралдандыргандарды билебиз


Сирия парламентинин жооптуу катчысы Халед Абуд “Дамаск-Москва” видеокөпүрөсү учурунда “Сириялык оппозицияны Батыш Европа жана Израиль курал менен камсыздап жатат”,-деди. “Биздин өлкөдө кырдаал оор бойдон, бул жерде сырттан кийгилишүүнүн бир гана максаты бар - ал режимди кулатуу” - деди парламент өкүлү. Анын айтымында, ушул тапта өлкөдөгү кырдаалдан пайдаланып, Сирияда куралчан исламчылар жана “Аль-Каиданын” жоочулары жүрөт.

Шейшембиде Иорданияга качып келип, оппозицияга кошулган Сириянын мурдагы премьер-министри Рияд Хижаб билдирүү жасап, президент Башар Асаддын режими кулаар алдында турганын айткан.

XS
SM
MD
LG