Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:22

Украина Путинге кол салууга камынган делгендерди Орусияга берет


Украин соту Орусиянын президенти Владимир Путинге кол салууга камынып жатышкан деп шектелген Казакстандын жараны Илья Пьянзин менен чеченстандык Адам Осмаевди Орусияга өткөрүп берүү чечимин кабыл алды. Одесса облустук прокуратурасынын маалымат катчысы Осмаев жакынкы күндөрү Орусия жөнөтүлөөрүн билдирди.

Путинге кол салат деп шектелген бул эки жаран Орусияда президенттик шайлоо өнөктүгү жүрүп жаткан кезде Украинанын атайын кызматтары тарабынан кармалган. Кийинчерээк алар Түндүк Кавказдагы жоочулардын лидери Доку Умаровдун көрсөтмөсү менен кол салууга даярданып жатканын мойнуна алышкан.

XS
SM
MD
LG