Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:27

Италия мафиялык түзүмдөрдөн 4 млрд. евро байлыкты конфискациялады


Италян бийликтери мафиялык түзүмдөрдөн 4 миллиард еврого тете байлыкты конфискациялады. Италиянын мыйзамына ылайык имараттар, мейманканалар, ресторандар, кымбат автоунаалар менен яхталарды конфискациялоо уюшкан кылмыштуулукка каршы эффективдүү күрөшүү чара деп саналат.

Ички иштер минситрлигинин маалыматы боюнча өткөн жылы эки миңге чукул шектүүлөр алардын ичинде он сегизи “өтө коркунучтуу” кылмышкерлер делгендер кармалган. Ошондой эле жети жүздөн ашуун компанияларга тиешелүү байлыктарды конфискациялоонун 12 миң актысы катталган.

Уюшкан кылмыштуулукка байланыштуу кармоолор менен конфискациялар Италиянын Сицилия, Кампания, Неапол жана Калабрия аймактарында жүргүзүлгөн.

XS
SM
MD
LG