Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:27

Pussy Riot тобун колдогон 4 активист чоң айыпка жыгылуусу мүмкүн


Москвадагы Христ Сактоочунун храмынын жанында өткөн акцияда учурда камакта жаткан Pussy Riot тобунун үч кызын коргоп чыккан төрт активист коомдук иш-чараны уюштурууда тартип бузган деп айыпталууда.

Твиттерда тараган маалыматта алардын ишин бүгүн Москванын Хамовническ соту карайт. Орусиядагы митингдер боюнча жаңы мыйзамга ылайык сот аларды чоң айыпка жыгуусу мүмкүн.

Феврал айында Pussy Riot тобунун беткапчан 20дай кыздары Христ Сактоочунун храмында Кремлге каршы саясий акция уюштурган. Алардын үчөө учурда камакта. Сот 17-августта Мария Алехина, Надежда Толоконникова жана Екатерина Самуцевичке айыбын угузат. Бейбаштык боюнча айыпталган кыздар абакка айдалат деген кооптонуу бар. Адвокаттар болсо бул ишти саясий негизде деп, камалгандарды бошотууну айтууда.

17-августта дүйнөнүн ондогон шаарларында Pussy Riot тобунун кыздарына тилектештик акциялары өтөт.

XS
SM
MD
LG