Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:37

Сириядагы окуяларга байланыштуу Ливанда кырдаал курчуду


Сауд Аравия, Катар жана Бириккен Араб Эмираттары өз жарандарын Ливандан чукул арада чыгып кетүүгө чакырды.

Сириялык козголоңчулар президент Асаддын режимин колдогон "Хезболлах" тобу менен байланышы бар ливандыкты барымтага алды деген маалымат тарагандан кийин Бейрутта жергиликтүү шийиттер сунниттердин дүкөндөрүн талкалап баштаган. Коңшу Сирия менен Ливанда суниттер менен шийиттердин жиктешүүсү күч, сунниттердин көпчүлүгү сириялык козголоңчуларды колдойт.

Ливанда адамдарды барымтага алуу дагы күчөп баратканы айтылууда. Шаршембиде шийиттер сириялык козголоңчуларга жооп катары 20 сириялыкты барымтага алышканын билдиришти.

Май айында Ливандын түндүгүндөгү Триполи шаарында шийиттер менен суниттердин кагылышуусунда 8 киши өлгөн.

XS
SM
MD
LG