Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Акун: Түлеев бошотулушу керек болчу


Үй камагына чыга турган күнү кайрадан жаңы кылмыш иш козголгон "Ата-Журт" фракциясынын депутаты, Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев бошотулушу керек болчу. Мындай оюн бүгүн "Азаттыкка" акыйкатчы Турсунбек Акун билдирди.

Ал кечээ кечки он бирлерде Түлеев менен жолукканын, ал жана адвокаты жаңы кылмыш ишине макул эмесин билдирип, прокурорлор алып келген кагазга кол коюудан баш тартышканын айтты.

огорку Сот аны үй камагына чыксын деген чечим чыгарды. Чыгыш керек болчу. Ал эми прокурорлор жаңы кылмыш иш боюнча аны андан кийин деле кармашса болмок", - дейт акыйкатчы.

Турсунбек Акундун айтымында, Түлеевге жаңы айып кечки саат жетилерде угузулган. Ал эми Баш прокуратуранын расмий сайтына таянсак, кылмыш иш козголгону тууралуу маалымат эртең мененки ондон кийин эле жарыяланган. Жаңы кылмыш иш боюнча да Түлеев коррупция үчүн айыпталып жатат. Ал мэр болуп турганда шаарга таштанды чыгаруучу унаа сатып алууда акча жегени жана бала бакчалардын бирин мыйзамсыз сатууга жол бергени айтылууда.

Ошол эле Баш прокуратуранын айыбы менен Түлеев бир жарым ай мурда Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагына эки айга камакка алынган. Ал мэр кезинде Кытайдан автобус сатып алууда коррупциялык ишке барган, чоң акча уурдаган деп айыпталган. Кечээ Жогорку Соттун чечими боюнча анын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, ал үй камагына чыгыш керек болчу. Учурда ал дагы эле ошол абакта экенин "Азаттыкка" УКМКдан кабарлашты. (RK)

XS
SM
MD
LG