Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:22

Америкалык астронавттар жаңы галактика тапты


АКШнын космостук агенттиги - НАСАнын маалымдашынча, Жерден 5, 7 миллиард жарык жыл алыстагы галактикада бир жылда орто эсеп менен 740 жылдыз пайда болот. Биз көрчү Саманчынын жолу галактикасы жылына орточо бирден жылдыз тууйт. Жаңы табылган галактика “Феникс” деп аталды. Изилдөөнүн жетекчиси, Массачусет технологиялык институнун илимий кызматкери Майкл МакДоналддын айтымында, азыркы теорияларга караганда, “Феникс” өңдүү жана 6 миллиард жаш курактагы галактика жылына бир кыйла аз жылдыз жаратыш керек. Астронавттардын айтышынча, бул Аалам койнунда көзөмөлдө турган эң даркан объект жана эң кубаттуу рентген нурун бөлгөн галактика.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG