Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:52

ИКУ Сирияны мүчөлүктөн убактылуу чыгарды


Мындай чечим 57 мусулман мамлекетин бириктирген Ислам кызматташуу уюму - ИКУнун Мекедеги кездешүүсүндө Ирандын каршылыгына карабай кабыл алынды. Анын алдында Сириянын Алеппо шаарына чукул Азаз шаарына урулган авиасоккуда кеминде 20 киши апаат болгону кабарланган. Бүгүн таң эртең Дамаскидеги Улуттар Уюмунун байкоочулары турган мейманканага удаалаш аскерий имаратта бомба жарылды. Козголоңчулардын Эркин Сирия армиясынын маалымдашынча, жардыруудан үч адам жарадар болгон. Сириядагы уруштун шапатасы коңшу Ливанга да өттү. Ливандын шиит уруулары апта башында сириялык адаватчылар туткундаган туугандарын бошотуу үчүн Сириянын жыйырма жаранын жана бир түркиялыкты барымтага алышканын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG