Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:17

Керимбеков: Аксыдагы окуя эки тараптуу сүйлөшүүгө муктаж


Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Абдурашит Керимбеков Өзбекстандын Чуст районунун өкүлдөрү мурда убада беришкени менен Аксы - Ала-Бука жол боюндагы Босого-Таш аттуу жерде болгон чыр-чатакты териштирүүгө келбей жаткандыгын 16-августта билдирди. Анын айтымында, талаштуу болгон бул жерден 8-августта чөп чабыкка өтүп бараткан кыргыз жарандарын чек арада турган 30 чакты өзбек жараны таш бараңга алып, кийин атчандары келип кошулуп, куушкан. Аларга таш ыргытуу менен жооп кайтарган кыргыз жарандарына да атчандар келип кошулган. Чатак
райондук тартип сакчылары, Кербен айылынын аксакалдарынын жана Кербен чек ара бекетинин жоокерлеринин күчү менен жөнгө салынган. Эки тараптан
эч ким жабыркаган эмес.

Кербен айыл өкмөтүнүн айыл башчысы Жуманазар
Бабаканов өзбекстандык жарандар жолдон өтүп бараткан кыргыз жарандарына тийишүүсү өнөкөткө айланганын билдирди. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG