Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:46

Аксынын чек ара кыштактарында мал уурулук токтой элек


Райондун Кербен айыл өкмөтүнүн башчысы Жуманазар Бабаканов эки-үч күн мурда Кербен кыштагынан Өзбекстанга 2 бодо мал, 2 жылкы, 5-6 кой уурдалганын, чек ара айылдарындагы мал уурулук башка кыштактарда да
уланып жаткандыгын, былтыр Кербенден 200дөй кой-эчки, бодо мал, жылкылар коңшу өлкөгө уурдалып кеткенин билдирди. Анын айтымында, уурулуктун тыйылбашына алардын жеңил жаза алуусу, чек аралардын такталбаганы себеп болууда.

Ички иштер бөлүмүнүн башчысы Абдурашит Керимбеков быйыл Өзбекстанга уурдалган жандыктардын арасынан 15-30 чакты кой-эчки кайтарылып, дагы 20сы калгандыгын, былтыр жетимиш баш мал ээлерине кайтарылып берилгендигин билдирди. ( YA)

XS
SM
MD
LG