Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:12

Хорог шаарында аскер бекеттери алынды


Тажик өкмөтү 16-августта Тоолу Бадахшан автоном облусунун байтакты Хорогдогу аскерий бекеттерди алып салды. “Азаттыктын” тажик кызматынын атын атабоону сураган расмий булакка шилтеп кабарлашынча, коопсуздук күчтөрү шаардан чыгып кете баштаган. Аскер посттору региондун коопсуздук кызматынын башчысын өлтүрдү деген адамдарга каршы 24-июнда башталган операция кезде орнотулган болчу. Операция маалында 70 чакты адам өлгөн.

11-августта хорогдуктар аскердик бекеттерди алып салууну талап кылып, демонстрацияга чыккан. Бул акция постко токтобой койгон жеңил машинеге күзөттөгү аскерлер аткан октон эки киши курман болгондон кийин болгон.

XS
SM
MD
LG