Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:07

“ВикиЛикистин” түптөөчүсү Эквадордо баш паанек табат


Жулиан Ассанжга баш паанек берилерин Эквадордун тышкы иштер министри бейшемби күнү өлкө борбору Китодогу пресс-конференцияда жарыялады. Ричардо Патино мындай чечим адам укугу боюнча эл аралык келишимдерге негизделгенин, Эквадор өкмөтү Британия, Швеция жана АКШга расмий кайрылып, Ассанж калыс соттолот, үчүнчү бир өлкөгө соттолуу үчүн өткөрүлүп берилбейт деген кепилдик катын албаганын билдирди.

Патино бүгүнкү пресс-конференцияда Британия Ассанжга баш паанек бербегиле деп коркутуп, телфон какканын айтты.
Аял зордуктады деп шектелип, Швецияга өткөрүп берилүүдөн качкан Ассанж июндан бери Эквадордун Лондондогу элчилигинде баш калкалап жаткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG