Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:11

Жаныбарларды коргоочулар иттерди атпоого чакырат


Жаныбарларды коргоого алган “Жашоо укугу” кайрымдуулук кору жолбун иттерди атпастан, аларды стерилизация кылууга чакырууда. Кордун ыктыярчысы Азиз Токтобаев стерилизация жолу менен гана жолбун иттердин санын азайтууга болоорун “Азаттыкка” билдирди. Уюмдун маалыматына ылайык, Бишкек шаарынын тегерегинде эле кеминде 200 миңдин тегерегинде кожоюну жок ит бар. Жыл сайын жолбун иттер тукум улап, 300 миңдин тегерегинде күчүктөр пайда болот. Алардын 80-90 пайызга чукулу бир жылга жетпей өлүмгө учурайт. “Жашоо укугу” кору кароосуз жаныбарлардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата ишемби күнү Бишкекте атайын иш-чара өткөрмөкчү. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG