Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:48

Түлеевге жаңы кылмыш иши боюнча айып угузулат


Бүгүн Башкы прокуратура козгогон жаңы кылмыш иштери боюнча депутат Нариман Түлеевге айып угузулушу мүмкүн. Бул тууралуу «Азаттыкка» анын адвокаттарынын бири Султан Баратов билдирди. Анын айтымында, Жогорку Сот үй камагына чыгарган Түлеев эки күндөн бери камакта отурат. Мыйзамга ылайык, 48 сааттын ичинде айып угузулуп, баш коргоо чарасы аныкталууга тийиш.

- Бизди саат 12ге чакырып жатышат. Мүмкүн айыбын угузуп туруп, кайрадан камакка алуу боюнча сотко өтүнүч менен барышат, - деди Баратов.

Кечээ Башкы прокуратура Түлеевге карата жаңы кылмыш ишин козгоп, Бишкектин мэри кезинде таштанды ташып кетүүчү унаа сатып алууда мыйзам бузган жана шаардагы бала бакчалардын бирин мыйзамсыз сатып жиберген деп билдирген.

Июнь айында Түлеевге Кытайдан автобустарды алып келүү учурунда ири көлөмдөгү зыян келтирген деп айып коюлуп, Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагына камакка алынган. Адвокаттар тергөө бүткүчө депутаттын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Жогорку Сотко кайрылып, сот эки күн мурда Түлеевди үй камагына чыгарган болчу. Коюлган күнөөлөрдү негизсиз деп эсептеген Түлеев дале УКМКнын тергөө абагында кармалып турат. (KKs)

XS
SM
MD
LG