Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Кумтөрдү иликтеген комиссиянын иши кечеңдөөдө


Кумтөрдө алтын чыгаруучу фабриканын убактылуу токтошунан улам кендеги экологиялык, техникалык абалды иликтөөчү мамлекеттик комиссиянын иши кечеңдеп жатат. Комиссиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Эркингүл Иманкожоеванын «Азаттыкка» билдиришинче, фабрика иштемейинче, андан чыккан калдыктар жана сууларды изилдөөгө мүмкүн болбой жатат:

- Фабрика жети жумага токтогонуна байланыштуу лабораториялык анализди сентябрдын ортосунда кайрадан иштеп баштаганда гана алабыз. Ал даяр болгуча дагы жыйырма күндөй керек болот. Натыйжада комиссиянын корутундусу дагы бир айга жылышы мүмкүн.

Депутат фабриканын токтотулушун кендеги чыныгы абалды көргөзбөө аракети катары сыпаттоодо.

“Кумтөр оперейтинг компани” болсо алтын чыгаруучу фабрика планга ылайык токтотулганын, бул мезгилде кампалардагы руданын кору түгөнөрүн билдирүүдө. Маалыматка ылайык, бул мөөнөт ичинде фабрикада оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлмөкчү.

Кумтөрдү иликтеген мамлекеттик комиссия октябрь айында жыйынтыгын чыгарууга тийиш эле. (KKs)

XS
SM
MD
LG