Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:53

Баткен: Кулунду айылында 48 үй-бүлө чатырда жашоодо


Баткен облусундагы Лейлек районуна караштуу Кулунду айылында учурда 48 үй-бүлө чатырда жашап жатат. Алардын там-ташын короосу менен ушул жылы 27-майда сел жууп кеткен. Айылдагы Чукул кырдаалдар министрлигинин өкүлү Акылбек Жапаровдун айтымында, жабыркагандарга өкмөт 200 миң сом ссуда убада кылган. Ушул күнгө чейин акчанын жарымын алышты. Эгер каражатты берүү эртелебесе суук түшкөнгө чейин там-таш салууга үлгүрбөй калышы ыктымал.

Кулундуда май айында нөшөрлөп жааган жаандан кийинки селден жалпысынан 52 үй зыян тарткан. (EBM)

XS
SM
MD
LG