Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:10

Баткенде 8 жаңы мектеп эшигин ачканы турат


Бул тууралуу Баткен облустук акимчилигинин билим берүү, маданият, спорт жана жаштар саясаты бөлүмүнүн башчысы Жамалидин Эшанкулов «Азаттыкка» билдирди. Облус аймагындагы 230 жалпы билим берүүчү орто мектепте учурда оңдоп түзөө иштери толук аяктады. Ага жалпысынан 12 млн. 546 миң сом сарпталып, анын 4 млн. сомдон ашууну жергиликтүү бюджеттен каржыланган. Өткөн жылдагы жер титирөөдөн жабыркаган жана мектеби жок аймактарга жалпысынан 8 жаңы мектеп курулуп, 1-сентябрда эшигин ачканы турат.

Облус аймагында 100 миңге чукул мектеп окуучусу, 7 миңден ашык мугалим бар. Быйылкы окуу жылга 300дөй мугалим жетишпейт. (JsA)

XS
SM
MD
LG