Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:07

ЖК төрагасына өкмөттү кетирүү боюнча тизме берилди


“Азаттыктын” ишенимдүү булактарынан маалым болгондой, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековго өкмөткө ишеним көрсөтпөөнү колдогон депутаттардын тизмеси берилди. Ага 70тен кем эмес депутат кол койгон.

Парламент спикеринин маалымат катчысы Надыр Момунов тизме тууралуу кабардар эместигин “Азаттыкка” билдирди.

Ушул жумада “Ата Мекен” жана “Ар-намыс” фракциялары кезексиз жыйын куруп, өкмөттү мөөнөтүнөн мурда кетирүү чечимин кабыл алган. Андан кийин Социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши да бул демилгени колдогон болчу. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG