Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:28

Сирия боюнча кийинки кадам талкууланат


Алеппо шаарынан 50 чакырымдай аралыктага Азаз деген жер өкмөттүк аскерий учактардын бомбалоосунан кийин. 15-август, 2012-жыл.

Алеппо шаарынан 50 чакырымдай аралыктага Азаз деген жер өкмөттүк аскерий учактардын бомбалоосунан кийин. 15-август, 2012-жыл.

Дүйнө державалары жана аймактагы өлкөлөр бүгүнкүгө белгиленген жыйынга Улуттар уюму Сириядагы байкоочу миссиясынын ишин токтоткон соң чогулууда. БУУ байкоочулар миссиясынын ишин токтотуу чечимине мурдагы башкатчы Кофи Аннан төрт ай бою тынчтык планын ишке ашыра албай, чабармандык кызматынан чегингенден эки аптадан кийин келди.

Аннандын ордуна Сирияда өзгөртүлгөн мандат менен арачылык вазийпаны аркалоого алжирлик ардагер дипломат, мурда Ирак, Ооганстан боюнча иштеген Лахдар Брахими макул болгон.

БУУ өкүлдөрүнүн айтымында, Сирияда жүргөн байкоочулардын акыркы бөлүгү Дамасктан 24-августта чыгып кетет.

Улуттар уюмунда тынчтык орнотуу операцияларын жетектегендердин бири Эдмонт Муллет кечээ Сирия өкмөтү жана козголоңчулар “согуш жолун” тандап алды деп билдирген.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин беш мүчөсү, араб дүйнөсүнүн чечүүчү өлкөлөрү жана Түркия бүгүнкү жыйында эми Сирия боюнча эмне кылуу керектигин талкуулашат. (UE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG