Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

Ирактагы кол салуулардан 60тай кишинин өмүрү кыйылды


Борбор Багдаддын шийиттер жашаган Садр районунда болгон жарылуудан кийинки көрүнүш. 17-август, 2012-жыл.
Борбор Багдаддын шийиттер жашаган Садр районунда болгон жарылуудан кийинки көрүнүш. 17-август, 2012-жыл.
Бул тууралуу ирактык бийликтер бүгүн кабарлашты. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, кечээ өлкөнүн 15 шаарында жасалган кол салуулардан кеминде 60тай киши мерт болгондон тышкары, 250дөй киши жаракат алган.

Бул - Иракта АКШ аскерлери былтыр декабрда чыгып кеткенден берки эң кандуу окуя болуп калды жана чабуул ыйык Рамазан айы учурунда жасалып олтурат.

Расмий өкүлдөр мындан улам апта соңундагы Айт майрамын утурлай коомдук жайларда коопсуздук чаралары күчөтүлөрүн айтышууда.

Жардыруулар үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик алган жок. Бийлик өкүлдөрү болсо “ал-Каиданын” Ирактагы бөлүмүн айыптоодо. (UE)

XS
SM
MD
LG