Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:03

Бишкекте 23-августта өтчү саммитке даярдык көрүлүүдө


18-августта эртең менен Бишкектин Манас көчөсүндө жол кыймылын көзөмөлдөө кызматкерлери борбордо өтө турган түрк тилдүү өлкөлөрдүн башчыларынын саммитинде конокторду тосуп алууга даярданышты. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов саммит өтчү 23-август күнү жол узак убакытка тосулбай турганын билдирди:

- Ал күнү жол кыска мөөнөткө жабылышы мүмкүн. Ошондой эле аба майданынан мамлекеттик резиденцияга чейинки жолдогу коопсуздукту жана жалпы коомдук тартипти сактоого милиция кызматкерлери тартылат.

Түрк тилдүү өлкөлөрдүн башчыларынын саммити Бишкекте 23-августта өтөт. (AKu)

XS
SM
MD
LG