Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:40

Бишкекте Pussy Riot тобун колдогон акция өттү


18-августта Бишкектеги Орусия элчилигинин алдында кыргызстандык феминисттик уюмдун мүчөлөрү жана укук коргоочулар каршылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу акцияга чыккандар кабарлады.

Алар 17-августта Орусиядагы Pussy Riot ырчылар тобунун үч кызын сот эки жылга эркинен ажыратканына каршы. Аталган топ Орусияда борбордук православдык чиркөөдө ырдагандыгы үчүн “кайсы бир социалдык топту жек көрүү” деген айып менен айыпталууда.

Акциянын катышуучусу, “Бишкек феминистик демилге SQ” уюмунун лидери Галина Соколова кыздарды камоо туура эмес деп эсептейт:

- Ырдоо алардын укугу. Баш мыйзамда жана адам укуктары боюнча эл аралык декларацияда сөз эркиндиги корголгон. Алар ыры менен светтик өлкөдө бийлик менен диндин биригип иштөөсүнө каршылыгын билдиргиси келген.

Топтун кыздары болсо Владимир Путиндин бийликке келишине каршы болушканын билдиришкен. (AKu)

XS
SM
MD
LG