Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:46

Кыргызстанда аскердик авиациянын күнү белгиленди


18-августта Бишкекте Кыргыз Республикасынын аскердик авиациясынын күнү белгиленди. Майрамдык иш-чарада Коргоо министрлигинин авиациялык техникалары: тик учактар жана учактар кооз аракеттерди көргөздү, аскерлер парашют менен учушту жана келген коноктор да учакка түшүү мүмкүнчүлүгүн алышты.

18-август - Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн аскердик-аба базасынын 23565 аскер бөлүгүнүн да негизделген күнү. Бөлүктүн түзүлгөнүнө быйыл 53 жыл болду. Анын базасында 1970-жылы борбордук авиациялык курс ачылган. Ага чет өлкөлүк учкучтар келип билим алчу. Буга чейин 2000ден ашуун учкуч даярдалган. (AKu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG