Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:48

Камчаткада миңдеген киши жанар тоого чыкты


Ыраакы Чыгыштагы Камчатка жарым аралындагы Авачинский жанар тоосуна үчүнчү жыл катары менен үч миңдей киши чыкты. 2741 метр келген Авачинский Камчаткадагы эң жандуу вулкан болуп саналат. Тынчтык мухитинин От алкагында жайгашкан жанар тоо акыркы жолу 2001-жылы жанып, атылган. Туристтерди жана таза абада эс алууну каалагандарды кызыктыруу үчүн Камчаткада жыл сайын эки жарым ай бою туризм фестивалы өтүп, анын чегинде тоо күйөрмандары мына ушул Авачинскийди багындырышат.

XS
SM
MD
LG