Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Бишкектеги айт намазга жүз миңдей адам катышты


Бүгүн Кыргызстанда мусулмандардын ыйык Рамазан айы бүтүшүнө байланыштуу Орозо айт белгиленүүдө. Эртең менен өлкөнүн бардык аймактарында Орозо айт намазы окулду. Бишкектеги айт намазы адаттагыдай эле борбордук эски аянтта өтүп, ага муфтияттын эсеби боюнча, жүз миңден ашык адам катышты. Намазга Кыргызстандын муфтийинин милдетин аткаруучу Рахматулла ажы Эгембердиев имамдык кылды.

Айт намазга Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков, Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов баштаган бийлик өкүлдөрү да катышып, мусулмандарды биримдикке үндөштү. Ошондой эле президент Алмазбек Атамбаев өзү туулуп өскөн Аламүдүн районундагы Арашан айылындагы айт намазына катышканы кабарланды. Кыргызстанда Орозо айы 20-июлда башталган.(BkA)

XS
SM
MD
LG